SerepTV Logo

Оштогу менчик ишканада 58 жаштагы Кытай жараны ток уруп каза болду

Оштогу менчик ишканада 58 жаштагы Кытай жараны ток уруп каза болду
Ош шаарында 58 жаштагы Кытай жараны ток уруп көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Ош ШИИБге 1-сентябрь күнү саат 08:30 чамасында Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан темир арматураларын чыгаруучу менчик ишкананын ичинде 1963-жылы туулган Кытай жаранынын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабар келген. Аталган жерге Ош ШИИБдин кызматкерлери барып, кароо жүргүзүшкөн. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча ал ток уруп каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.