SerepTV Logo

Оштогу "Ала-Тоо" кафеси толугу менен күйүп кетти

Оштогу "Ала-Тоо" кафеси толугу менен күйүп кетти
Бүгүн, 4-мартта саат 03:38 чамасында Ош шаарындагы "Ала-Тоо" кафесинен өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Масалиев көчөсүнүн №16Б дарегинде жайгашкан "Ала-Тоо" кафесинен өрт чыккан. Анда өрттүн аянты болжол менен 1541 чарчы метр түзгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган эмес. Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм, Штаб. Мындан тышкары ИИМден 2 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган. Өрт саат 04:13тө чектөөгө алынып, саат 06:15те толук өчүрүлгөн. Учурда тилсиз жоонун себеби жана келтирилген материалдык чыгымдары такталууда.    
Unknown Author