SerepTV Logo

Ошто үйдүн ичинде дубал урап, 75 жаштагы эркек кишини басып калды

Ошто үйдүн ичинде дубал урап, 75 жаштагы эркек кишини басып калды
Ошто үйдүн ичинде дубал урап, 75 жаштагы эркек кишини басып калды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарында жайгашкан турак үйдүн ээси эшигин ачпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар турак үйдүн эшигин ачкан кезде, үйдүн ички дубалы урап түшүп, 75 жаштагы эркек кишини басып калгандыгы аныкталган. Каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.