Ошто үйдөн чыккан өрт жанаша жайгашкан үйгө өтүп, 3 адам жабыркады (сүрөт)
Ошто жанаша жайгашкан үйлөр өрттөнүп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ленин көчөсүндө жалпы аянты 360 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп, өрт жанында жайгашкан үйгө өткөн. Кырсыктын кесепетинен үйдүн чатыры күйүп, 59, 36, 56 жаштагы жарандар жабыркап, Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди.
Өрт саат 06:02де толук өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="89530,89531,89532"]