Ошто үй-бүлө көмүр газына ууланып, 4 жаштагы баласы каза болду
Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну, балдардын апасы жана анын 3 кызы, 2 уулу Ош шаардык жана Ош облустук аралык балдар ооруканасына жеткирилген. Тилекке каршы 2020-жылы туулган баласы каза тапты.
Милицияга 1-февраль күнү саат 12:00 чамасында кабар берилип, окуяны иликтөөгө алган. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, үй-бүлө көмүр газына ууланган.
"Сапатсыз көмүр, талаптагыдай курулбаган меш - адам өлүмүнө алып келет", - деп эскертет Ош ШИИБдин басма сөз кызматы.