SerepTV Logo

Ошто уурулукка кирип, камераны көрүп, дүкөндү өрттөп жиберген шектүүлөр кармалды

Ошто уурулукка кирип, камераны көрүп, дүкөндү өрттөп жиберген шектүүлөр кармалды
Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө орун алган “Жети Баатыр” аталышындагы азык-түлүк дүкөнүн өрттөп кеткен эки шектүүнү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Милицияга 19-ноябрь күнү Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында “Жети-Баатыр” аталышындагы азык-түлүк дүкөнүн белгисиз жарандар өрттөп кеткендигин билдирген. Факты Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси менен катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлгөн. Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 2000 жана 1993-жылы туулган тургундары кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Тергөө иштеринин алгачкы жүрүшүндө маалым болгондой, алар дүкөнгө уурулука киргенин, көзөмөл камераларын көрүп калып, коркконунан жана изин жашыруу максатында “Жети-Баатыр” дүкөнүн өрттөп жиберишкенин айтышкан. Шектүүлөр буга чейин да адам өлтүрүү, уурулук жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгондугу аныкталган.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Ош ШИИБ/УВД г.Ош (@uvd_g_osh)

edita