SerepTV Logo

Ошто уруштун айынан бычакталып, үйдүн жанына көмүлгөн студент кыз. Соттук отурум дагы жылды

Ошто уруштун айынан бычакталып, үйдүн жанына көмүлгөн студент кыз. Соттук отурум дагы жылды
Ошто 4-курстун студентинин киши колдуу болгону боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөн болчу. Биринчи соттук отурум 11-майга Кара-Суу райондук сотуна дайындалып, өндүрүшкө алынган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан соттук отурум кайра 20-июлга жылдырылганын билдиришти. "Айыпталуучу ооруп калыптыр, СИЗО ооругандыгы тууралуу маалымкат берди. Эс-учун жоготконунан улам Тез жардам чакырышыптыр", - дешти облустук соттон. Февраль айында Ошто дайынсыз болуп жаткан 4-курстун студентинин жансыз денеси табылган. Окуя боюнча күбө катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган. Көрүлгөн иштердин натыйжасында 8-февралда Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну — ОшМУнун 4-курсунун студенти качып жүргөн жеринен кармалып, Ош ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. 

Шектүү көрсөтмө берген. “30-январда саат 10:00 чамасында сүйлөшүп жүргөн кызым менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, урушуп кеттик. Менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан дааратканага ыргытып жибердим. Ошол күнү окууга бардым да, эртеси күнү Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Орусияга учуп кеттим”, — деген.