Ошто унаа сүзүп кеткен окуучу бала ооруканада каза болду
Кечээ, 19-сентябрда Ош шаарында мектеп окуучусун унаа сүзүп кеткен. Кырсык тууралуу маалыматты Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.
1-класстын окуучусу мектептин алдындагы жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп бара жатканда аны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Окуя болгон жерден баланы Тез жардам кызматы алып кетип, бирок ал ооруканада жан берген.