Ошто таң эрте үй өрттөндү. Жабыркагандар жок
Ош облусунун Өзгөн районунун Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 07:13тө Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 07:21де кошумча 1 бөлүм жана саат 07:35те №103 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 08:01де чектөөгө алынып, саат 08:58де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="212387,212388"]