Ошто талга чагылган түшүп, өрт чыкты (сүрөт)
Ошто чагылган түшүп, өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, 7-июнь күнү саат 22:20 чамасында Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагындагы Айдарбеков көчөсүндө бийиктиги 6 метр болгон талга чагылган түшүп өрт чыккан. "Өрт саат 22:57де өрт чектөөгө алынып, 23:17де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="52964,52965"]