SerepTV Logo

Ошто шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти (сүрөт)

Ошто шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти (сүрөт)

Кечээ, 6-июлда Ош облусунун аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Раимбеков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 216 чарчы метр чатырын учурган. Чатыр үйдүн астына түшкөн. Жабыркагандар катталган жок. Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, үйдүн астына түшкөн чатырдын калдыктарын коопсуз аянтка алып беришкен.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="62505,62506"]