Ошто Папан суу сактагычына эркек киши чөгүп кетти
Ош облусу, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
"Алдын ала маалымат боюнча, Папан суу сактагычына 1 эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 15:15те 8 куткаруучу тартылган", - деп жазылат маалыматта.