SerepTV Logo

Ошто оор жүк ташуучу унаа оодарылып калып, 3 бала каза болду (сүрөт)

Ошто оор жүк ташуучу унаа оодарылып калып, 3 бала каза болду (сүрөт)

Ош шаарында оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 3 баланы басып калган. Маалыматты ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып адамдарды басып калган. Кырсыктан 3 бала каза болду. Балдардын аты-жөнү такталууда. Жеринде Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу иш алып барууда, кошумча Ош шаардык №13 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылды. Мындан сырткары кырсык катталган жерге ИИМ, Тез жардам кызматы тартылган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="120471,120473,120474"]