SerepTV Logo

Ошто мечитте чөнтөк уурулук кылып жүргөн деген шек менен өспүрүмдөр кармалды

Ошто мечитте чөнтөк уурулук кылып жүргөн деген шек менен өспүрүмдөр кармалды
Ошто мечитте уурулук кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Маалымат караганда, кылмыш 27-январда Ош шаарындагы «Аль Бухарий» мечитинде болгон. Жарандардын даарат алуу жана намаз окуп жаткан учурунан пайдаланып Кара-Суу районунун айылынын 2007 жана Өзгөн районунун 2007-жылы туулган тургундары чөнтөк уурулук кылышкан. Алар кармалып сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Аталган эки өспүрүмдүн катышуусунда 9 факты аныкталган. Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, жаш курагы эске алынып, ата-энесинин кепилдиги менен үй камагына чыгарылган.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Ош ШИИБ/УВД г.Ош (@uvd_g_osh)