SerepTV Logo

Ошто лифт катуу түшүп кетип, 29 жаштагы жигит ооруканага жеткирилди

Ошто лифт катуу түшүп кетип, 29 жаштагы жигит ооруканага жеткирилди

Ош шаарындагы Масалиев проспектисинде курулуш иштери жүрүп жаткан турак үйдө 1 адам лифт менен төмөн карай түшүп кеткендиги тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн.

Саат 10:30да Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Алар жерине жеткенде 1994-жылы туулган жумушчу иш кылып жатып, 1-кабаттан имараттын жер төлөсүнө түшүп кеткендиги аныкталган. Жабыркаган адамды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти. Абалы канааттандырарлык.