SerepTV Logo

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 31-майда саат 20:54тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында жана Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Кара-Кабак, айылдарында 3 баллга чейин, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.