SerepTV Logo

Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 28 жаштагы жигит кулап, көз жумду

Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 28 жаштагы жигит кулап, көз жумду
23-январда Ош шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдан бир киши кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда, каза болгон 28 жаштагы киши турак жайдын курулушунда жумушчу катары иштеп жаткан. Маркум Кара-Кулжа районунун тургуну болгон. Бул боюнча шаардык милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.