SerepTV Logo

Ошто көгала болуп сабалган аялдын жолдошу кармалды

Ошто көгала болуп сабалган аялдын жолдошу кармалды
Өзгөндө аялын сабаган жолдошу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 10-июнда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Бүгүн, 11-июнда жабырлануучунун жолдошуна айыбы угузулуп, шектүү катары Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жакын арада тергөөнүн жыйынтыгы боюнча топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
  • Социалдык тармакта «Жолдошум 6 жылдан бери сабайт» деген аялдын видеосу тараган. Ош облустук милициясы маалымат берип, 29-майда кылмыш иши козголгонун билдирген.
  • Бир нече убакыт өткөн соң кайрадан видео тарап, аял «милиция чара көрбөй жатат» деп нааразычылыгын билдирген.
edita