SerepTV Logo

Ошто келинди учтуу нерсе менен сайып салууга мурунку жолдошу шектелип жатат

Ошто келинди учтуу нерсе менен сайып салууга мурунку жолдошу шектелип жатат
Ошто мурунку жолдошу келинди учтуу нерсе менен сайып салган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти. 3-май күнү саат 10:25 чамасында Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар түшкөн. Анда Кара-Суу районунун Коргон айылынын тургунун мурунку жолдошу 1989-жылы туулган жаран белгисиз учтуу нерсе менен сайып жибергенди айтылган. Кесепетинен жабырлануучу денесинен алган жаратынан Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.