SerepTV Logo

Ошто каза болгон 3 бала жана келин. Балдардын бирөөсү ошол айылдагы тууганы болгон

Ошто каза болгон 3 бала жана келин. Балдардын бирөөсү ошол айылдагы тууганы болгон
Ошто 31 жаштагы келин менен 3 баланын жансыз денелери табылган. Ош ОИИБ маалымат таратып, алардын иске ууланганын билдиришкен.
  • 3-март күнү милицияга Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында 1993-жылы туулган аял киши, 2018-жылы туулган Р.М., 2021-жылы туулган Р.Р. жана 2017-жылы туулган И.И. аттуу тургундар үйүндө уктап жатып каза болушкандыгы тууралуу кабар түшкөн. Каза болгондордун туугандары арыз жазуудан жана каза болгондордун денелерин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.
Муфтияттан маалымат таратышып, 6-март күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков баштаган казыят кызматкерлери Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында 3-март күнү көмүрдүн исине ууланып кайтыш болгон 4 адамдын жакындарын зыярат кылып, акчалай жардам көрсөтүшкөнүн билдирди. Дин кызматкерлери маркумдардын жакындарына көңүл айтып, Куран окуп, дуба кылышкан. "Өлүм деген баарыбыздын башыбызда бар. Өлүм айтып келбейт. Кайрат кылыңыздар», – деди Абдималик ажы Турсунбеков. "Аталган 4 адамдын үчөөсү бир үйдөн, бирөөсү ошол эле айылдагы тууганы болгон",- дешти.