SerepTV Logo

Ошто жүргүнчүлөр ташыган автобустан өрт чыкты

Ошто жүргүнчүлөр ташыган автобустан өрт чыкты
Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсүндө, Сулайман-Тоосунун маңдайында эртең менен 13-каттамдагы жүргүнчү ташуучу автобусу күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр жалынды саат 10:26да чектөөгө алып, саат 10:42де толугу менен өчүрүштү. Автобустун болжолдуу 10 чарчы метр арткы жүргүнчүлөр отуруучу жайы жана кыймылдаткыч тарабы күйгөн. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
admin@supertv.kg