Өзгөндө жеңил унаа сайга кулап, 2 адам көз жумду
Ошто жеңил унаа сайга кулап, 2 адам көз жумду. Дагы 2 адам ар кандай жаракат алышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге кечээ, 29-ноябрь күнү Өзгөн районунун Чечебай айылында Daewoo-Tico үлгүсүндөгү унаа сайга түшүп кеткендиги туралуу маалымат түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 2 эркек киши ар кандай жаракат алышкан. Жабыркаган жарандар Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилип, ал эми каза болгон жарандардын жансыз денелерин туугандары алып кеткен. Куткаруучулар унааны сайдан чыгарууга жардам беришти. Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылган. Учурда жаракат алгандардын жана жабыркагандардын аты-жөнү такталып жатат.