Ошто жасалма акча жасаган жаран кармалды
Ошто жасалма акча жасаган жаран кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жана ыкчам маалыматтардын негизинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында Өзгөн районунун 34 жаштагы тургуну 2000 долларды бирөөгө берип жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан 20 даана 100 долларга окшогон акча каражаты табылып алынган. Алынган акча каражаттарына тиешелүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык купюралар түстүү лазердик принтердин жардамында чыгарылгандыгы аныкталган.
Шектүү Жазык-процессуалдык кодексинин 98, 99-беренелеринин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="33189,33188,33190"]