SerepTV Logo

Ошто жансыз денеси табылган кыздын курбулары менен акыркы сүйлөшүүсү маалым болду

Ошто жансыз денеси табылган кыздын курбулары менен акыркы сүйлөшүүсү маалым болду
Кечээ, 30-июнда Ош ШИИБден Ак-Буура дарыясынын боюнан кыздын жансыз денеси табылганын билдиришкен. Милиция кызматкерлери тарабынан кыздын аты-жөнү аныкталып, ал Баткен районунун тургуну экендиги, Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 2-курсунун студенти экени такталган. "Турмуш" басылмасы өздүк булактарга таянып, кыздын жигитине кеткен бойдон кайтып барбаганын жазып чыкты. Маалыматка караганда, кыз каза болгонго чейин жатаканада чогуу жашаган кыздарга "же ал жок болот, же мен жок болом" деп айткан. Жигити эшикке чакырганда, кыздардын "чыкпа" дегенине болбой кеткен. Жигити экөө айылдаш экени айтылууда.