Ошто бир үйдөн чыккан өрт жанаша жайгашкан коңшу үйгө өтүп кеткен
Ошто жанаша жайгашкан үйлөр өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 5-декабрь күнү саат 23:21 чамасында Өзгөн көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 15 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры жана эки бөлмөсү күйгөн. Өрт Пахта көчөсүнө өтүп, коңшу үйдүн чатыры да өрттөнгөн. Өрт саат 23:39да чектөөгө алынып, саат 00:30да толугу менен өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.