SerepTV Logo

Ошто жасалма доллар сатып жүргөн жаран кармалды (сүрөт)

Ошто жасалма доллар сатып жүргөн жаран кармалды (сүрөт)
Ошто ири суммада жасалма доллар сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 1-мартта болжол менен 21:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунда жасалма 17500 долларын накта 5000 долларга сатып алмаштырууга аракет кылган, 1986-жылы туулган жаран кармалган. Анын ушул эле облустун жашоочусу экени аныкталган. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жасалма акча каражаттарын даярдоонун сапаты менен деңгээли өтө жогору болгон. Болжолдуу маалымат боюнча жасалма акчалар жакынкы мамлекеттердин биринен алынып келинген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
edita