SerepTV Logo

Ошто дарыканадан дары ичкен 15 жаштагы кыз оор абалда ооруканага түштү. Милиция эмне дейт?

Ошто дарыканадан дары ичкен 15 жаштагы кыз оор абалда ооруканага түштү. Милиция эмне дейт?
Ош шаарындагы «Мир и Нур» дарыканасы психотроптук, күчтүү таасир этүүчү дарыларды өспүрүмгө мыйзамсыз саткан. Аны мыйзамсыз сатып алып, пайдаланган 15 жашар өспүрүм кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасагандыгы дагы аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Ош шаардык ооруканасына 17-декабрда 2008-жылы туулган кыз оор абалда жеткирилген. Дарыгерлердин жардамы менен аны ажалдан арачалап калууга мүмкүн болгон. Ош ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, ал кыз Ош шаарында жайгашкан “Мир и Нур” дарыканасынан 4 психотроптук дарыны рецепти жок сатып алып пайдаланган. Буга чейин дагы ошол эле дарыканадан алып, пайдаланып жүргөн. Алынган маалыматтарды текшерүү үчүн оперативдүү иш-чара өткөрүлүп, аталган дарыкананын рецептсиз өспүрүмдөргө дагы психотроптук дарыларды сатып жаткандыгы аныкталган. Өспүрүмгө 2 түрдөгү 3 дары 900 сомго сатылган. Дарыканадагы мыйзамсыз аракеттер фото-видео жана алармандын көрсөтмөсү менен тастыкталды. Учурда тиешелүү материалдар чогултулуп, Ош шаарындагы “Мир и Нур” дарыканасынын кызматкерлерине тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына жана Оштогу дары-дармек жана медициналык шаймандар департаментине жөнөтүлду. "Буга чейин аталган “Мир и Нур” дарыканалар түйүнүнүн дагы бир дарыканасы ушундай психотроптук дарыларды рецептсиз сатканы аныкталган болчу", - дешти.