Ошто дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз Бишкектен табылды
3-июнда Ош облусунда дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Ош облусунун Араван РИИБисине жергиликтүү тургун кайрылып, 2005-жылы туулган жашы жете элек кызын издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында үйдөн чыгып кеткени, андан кийин дайынсыз жоголгону маалымдалган. Аталган факты Араван райондук милициясына катталып, издөө иштери башталган. Ал Бишкектин аймагында болушу мүмкүн деген маалыматтар дагы текшерилген. 14-июнда Бишкек шаарынын аймагынан жашы жете элек кызды табышкан. Андан ары туугандарына өткөрүп берүү үчүн ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборуна жеткирилди.