SerepTV Logo

Ошто 22 күндөн бери изделип жаткан адамдын жансыз денеси каналдан табылды

Ошто 22 күндөн бери изделип жаткан адамдын жансыз денеси каналдан табылды
Ушул жылдын 17-май күнү Ош шаарынын 33 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган жарандын жеңил унаасы базардын жанынан аккан Кайырма суусунун жээгинен табылган. “Бүгүн, 8-июнда Кара-Суу районунун Кыргызстан айылындагы Кайырма каналында адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар адамдын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти”, - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author