SerepTV Logo

Ошто дагы бир депутаттыкка талапкер кармалды

Ошто дагы бир депутаттыкка талапкер кармалды
Ошто дагы бир депутаттыкка талапкер кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Кечээ, 7-июль күнү саат 22:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «шайлоочулардын добуштарын сатып алууга» шектүү катары дагы бир жаран кармалып, тергөө кызматына алып келинди. Ал Ош шаардык кеӊешине шайлоого аттанган партиялардын биринин атынан депутаттыкка талапкер. Бул талапкер тарабынан шайлоочуларга берилген акча каражаттары алынып, тиешелүү көрсөтмөлөр толптолууда, күбөлөр суралууда.
Кечээ, 7-июлда саат 11:00 чамасында аныкталган «шайлоочулардын добушун сатып алуу» фактысы боюнча башка Ош шаардык кеӊешине депутаттыкка талапкер кармалып, ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.