SerepTV Logo

Ошто бычакталып, курсагындагы баласынан айрылган эненин абалы айтылды

Ошто бычакталып, курсагындагы баласынан айрылган эненин абалы айтылды
Ошто кош бойлуу келин бычакталып, төрөтканага түштү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук төрөткананын жетекчиси курсактагы 5 айлык баланы сактап калууга мүмкүн болбогонун билдирди.  Редакция окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, келиндин абалы тууралуу маалымат беришти. Ал 23-август күнү саат 23:31де төрөт үйүнө түшкөн, абалы оор болгондуктан ага тез арада операция жасалган. Бүгүнкү күндө абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу оор деп бааланып, дарыланууда. Диагнозу: курсактагы бир нече жолу бычактан алган жаракаттар.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg