SerepTV Logo

Ошто бир түндө уурдалган 12 баш бодо мал. Окуянын чоо-жайы

Ошто бир түндө уурдалган 12 баш бодо мал. Окуянын чоо-жайы
Ош облусунун Кара-Суу районунда бир түндө 12 баш бодо мал уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, 16-ноябрга караган түнү белгисиз жарандар Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 59 жаштагы тургунунун талаада жүргөн 6 баш бодо малын уурдап кетишкен. Бул факты боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан уурулук менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган. Ошол эле түнү Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 65 жаштагы тургунунун ошол эле айылда үлүш жеринде байланып турган 6 баш уюн уурдап кетишкен. Бул факты боюнча да кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө уурдалган малдар жүк ташуучу унаа менен Баткен облусунун аймагына ташылып кеткендиги белгилүү болгон. Иликтөө иш чаралардын жыйынтыгы менен жогорудагы мал уурулук фактыларына катышы бар адамдар такталып, алар Кара-Суу районунун тургундары экени аныкталган. Шектүү катары 4 адам кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="215237,215238,215239,215240,215241,215242,215243"]