SerepTV Logo

Ошто батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Ошто батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды
Куткаруучулар шаардын Увам көчөсүндө жайгашкан үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачып беришти. Батирдин ичинен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маркумдун аты-жөнү такталууда жана жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.