SerepTV Logo

Ошто адам өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы кыз камакта калтырылды

Ошто адам өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы кыз камакта калтырылды
Кечээ, 29-сентябрда Ошто жаш кыз 37 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип кармалган. Анын бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакта калтырылды. Тактап айтканда, ал 28-ноябрга чейин убактылуу кармоочу жайда болот. 28-сентябрда саат 02:50дө маркум, анын досу жана шектүү "Кенч" кафесинде болушкан. Милициянын берген маалыматы боюнча, жаңжал учурунда кыз жигитти бычак менен сайган. Ал аймактар ​​аралык биргелешкен ооруканага жеткирилген, бирок кан жоготуудан каза болгон.