SerepTV Logo

Ошто 52 жаштагы жаран киши колдуу болду. Шектүүлөр кармалды

Ошто 52 жаштагы жаран киши колдуу болду. Шектүүлөр кармалды
Ош облусунун Араван районунда адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган райондун дайынсыз жоголгон тургуну — 1969-жылы туулган киши колдуу болгону аныкталды. Кечээ, 29-ноябрда 34, 28 жана 27 жаштагы Араван районунун тургундары бул кылмышка шектүү катары кармалып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө башталды. «Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренесинде (киши өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен катталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кылмышка маркум менен шектүүлөрдүн ортосундагы аласа-бересе, талаш себеп болгон», - деп айтылат милициянын маалыматында. Буга чейин 27-ноябрда маркумдун 22 жаштагы уулу Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу атасы 20-ноябрь күнү Орусияга барам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирип, арыз менен кайрылган.