Ошто 5 жылдан бери мамлекет аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды
Ош шаарында милиция кызматкерлери жүзүн тануу системасы камтылган видебайкоо аркылуу мамлекет аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
10-март күнү милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарында ИИМдин ыкчам башкаруу борборуна туташтырылган видеокамералардын жардамы менен 2019-жылдын бери мамлекет аралык издөөдө жүргөн жаран аныкталып, кармалган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="231977,231978"]