SerepTV Logo

Ошто 5 жаран экстремисттик идеологиядан баш тартты

Ошто 5 жаран экстремисттик идеологиядан баш тартты
УКМК тарабынан Ош облусунун аймагында туулган “Хизбут-Тахрир” уюмунун 4 тарапташы жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” уюмунун 1 тарапташы кармалып, аларга карата профилактикалык иш-чаралар көрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жогоруда аталган адамдарга сот органдары тарабынан өлкөнүн аймагында аталган уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынганы жана “Хизбут-Тахрир” жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” уюмунун идеяларын таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө түшүндүрүлгөн. Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жыйынтыгында аталган адамдар мүчөлүгүнөн баш тартып, мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана тыюу салынган диний уюмдардын катарына кирбөөгө милдеттеништи. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="182929,182930,182931,182932,182933"]