Ошто 46 жаштагы аялды сабаган делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
ИИМдин кызматкерлери тарабынан 46 жаштагы аялды ур-токмокко алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жабырлануучу 8-апрелде болжол менен саат 21:00 чамасында Ош - Кара-Суу унаа жолунда белгисиз адам аны себепсиз сабап, денесине залал келтиргенин айткан. Факты боюнча кылмыш иши козголгон. 26-апрелде жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулган жаран кармалды. Ал ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.