SerepTV Logo

Өзгөндө 28 жаштагы жигитти сабаган делип уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды

Өзгөндө 28 жаштагы жигитти сабаган делип уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды

Ош облусунда 28 жаштагы жаранды сабаган үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Өзгөн районунда 28 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана аталган райондун 34 жаштагы тургуну токмоктоого тиешеси бар деп кармалган. Жакында кылмыштын үчүнчү катышуучусу дагы кармалган. Ал 39 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп чыкты. Сот аларды тергөө амалдары бүткүчө камакка алды. Белгиленгендей, үч шектүү Ош облусунун тургунуна кол салып, аны сабап салышкан.

edita