SerepTV Logo

Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Окуянын чоо-жайы

Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Окуянын чоо-жайы
Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден тастыкташты. "2000-жылы туулган келин Ош облусунун Алай районуна караштуу Будалык айылынын тургуну. 23-июлда тун баласын төрөгөндөн кийин 29-июлда саат 05:30 чамасында өзүн жоготуп, абалы оорлоп жандандыруу бөлүмүнө алып кирген учурда, кан басымы төмөндөп, ошол жерден жан берген”,- дешти милициядан. Окуя боюнча ата-энеси жана жолдошу, ошондой эле жакын туугандары эч кимге эч кандай арыз доосу жок экенин жана соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Териштирүү жүрүп жатат.