Ошто 22 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды
Бүгүн, 20-апрелде саат 08:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.
Ал жерге барган милиция анын 2000-жылы туулган кыз экенин аныктаган. "Тергөө тобу иш алып барып жатышат. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз", - дешти алар.