SerepTV Logo

Ошто милиция кызматкерин сүзүп кеткен 17 жаштагы өспүрүм он күндөн кийин кармалды

Ошто милиция кызматкерин сүзүп кеткен 17 жаштагы өспүрүм он күндөн кийин кармалды

Ош облусунда милиция кызматкерин сүзүп кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 664-чакырымында, Кара-Суу районунун Фуркат айылында 1988-жылы туулган, нөөмөттө турган улук инспекторду кара түстөгү Mercedes-Benz унаасы сүзүп кеткен. Айдоочу токтобой, из жашырып кеткен. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө айдоочу 21-октябрда Отуз-Адыр айылында кармалды. Унаа айып короого токтотулган. Айдоочу Кара-Суу районунун 2004-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Кийин белгилүү болгондой, ал машинаны оңдоп, сырдоого жетишкен.