SerepTV Logo

Ошто 17 жаштагы кыз өз жанын кыйды

Ошто 17 жаштагы кыз өз жанын кыйды
Ошто 17 жаштагы кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 28-июнь күнү саат 16:10 чамасында милицияга Ноокат аймактык ооруканасынан 2005-жылы туулган Ноокат шаарынын тургунунун жансыз денесин жакын туугандары алып келгендигин билдирген. Аталган маалымат катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгышып, тергөө амалдары башталган. Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө, каза болгон жаран Ноокат шаарынын тургуну 17 жаштагы тургуну экендиги такталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ал 28-июнь күнү өзүнүн үйүндө өзүн-өзү асып каза болгондугу аныкталган. Маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн учурда денесинде эч кандай жараат аныкталган эмес. Өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок маркумдун ата-энеси жана жакын туугандары маркумдун денесин соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.