SerepTV Logo

"Ошондо эле токтотсом болмок экен дейсиз". Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы кармалды (видео)

"Ошондо эле токтотсом болмок экен дейсиз". Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы кармалды (видео)
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, ал Жаңы-Базар айылына спорт залдын курулушуна тендерге катышып, аны жеңүү үчүн подрядчы компаниядан 25 миллион сомдун 10 пайызын сураган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 15-августта кылмышка шектүү пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
edita