Ошто жер титиреди. Жабыркагандар жок
Бүгүн, 22-ноябрда саат 06:49 чамасында Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын күчү Ош облусунун Алай районунун Иркештам, Нура жана Кара-Киндик айылдарында 3 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.