SerepTV Logo

Ош шаарынын тургуну өз унаасында көз жумду

Ош шаарынын тургуну өз унаасында көз жумду
Ош облусунда жол кырсыктан 42 жаштагы жаран каза болду. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти. 31-январь күнү саат 08:25 чамасында Бишкек-Ош жолунун 634-чакырымында, тактап айтканда Жаңы-Арык айылында Ош шаарынын 1979-жылы туулган тургуну өзүнүн Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаасынын рулун башкара албай калып, жолдун оң четине чыгып, оодарылып кеткен. Натыйжада алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан.