SerepTV Logo

Ош шаарынын мурдагы казысы кайра камакка алынды

Ош шаарынын мурдагы казысы кайра камакка алынды
Ош шаарында кармалган мурдагы казы кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти. "Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясынын 29-майдагы аныктамасынын негизинде Ош шаардык сотунун 23-майдагы токтому жокко чыгарылган. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы 18-июнга чейин камакка алынган",- деп айтылат маалыматта.
edita