Ош шаарындагы "Манас-Ата" кафеси мыйзамсыз курулганы аныкталып, аны бузуу сунушталууда
Ош шаарынын прокуратурасы "Манас-Ата" тамактануучу жайдын имараты кызыл сызыктан чыгып курулгандыгы боюнча буздуруп, алгачкы абалына келтирүү боюнча сот органдарына тиешелүү доо арыз келтирүүнү сунуштаган. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан маалымдашты.
Аталган сунуштун негизинде "Манас-Ата" тамактануучу жайынын жер тилкеси Юлдашбай Нематовдун жеке менчигинде экендиги аныкталган. Бирок Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан жеке менчик турак үйдү долбоорлоого деп берилген тиешелүү архитектуралык иш кагаздарына карабастан Аскар Шакиров көчөсүнүн кызыл сызыгынан сырткары “Манас-Ата” ресторанын куруп жаткандыгы үчүн ээси Юлдашбай Нематовго 2018-жылы, 2019-жылы эскертүү баракчалары берилип, акт түзүлгөн. Андан сырткары 2019-жылдын 20-мартында Мамэкотехинспекцияга мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү үчүн Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы өткөрүп берген.
Бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекция жоюлуп кеткендигине байланыштуу Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча башкармалыгына мыйзамсыз курулган "Манас-Ата" кафесинин имаратын баштапкы калыбына келтирүү боюнча сот органдарына доо арыз келтирүү үчүн тапшырма берилди.
Буга чейин "Манас-Ата" кафесинин администратору "Не сахар" долбоорунун тартуучу тобуна текшерүү жүргүзүүсүнө тоскоолдук жаратып, коомчулукта талкуу жараткан.