Ош шаарындагы Кайырма каналынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды
Ош шаарында каналдан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-июнда Ош шаарындагы Кайырма каналында адамдын сөөгү табылган. Учурда каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда. Жерине ӨКМден 4 куткаруучу тартылып, белгисиз эркек адамдын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.