SerepTV Logo

Ош шаарындагы батирлердин биринен 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Ош шаарындагы батирлердин биринен 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылды
Ош шаарындагы батирлердин биринде 29 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалымат боюнча, куткаруучуларга Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринде батирдин жашоочусу эшикти ачпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. "Ош шаардык куткаруу кызматынан жерине 4 куткаруучусу тартылып, батирдин ичинен 29 жаштагы жигиттин сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author